20-февралда Иранда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары чыгарыла элек. Ички иштер министрлигинин айтымында, добуш берүүгө шайлоочулардын 51 пайызы катышты. Исламдык республика түзүлгөндөн берки 25 жылда мынчалык төмөн көрсөткүч болгон эмес. Көзөмөл кеңешинин айтымында, добуш берүүгө укугу барлардын 60 пайызы шайлоо түйүндөрүнө келди. Эксперттердин баамында, парламенттеги 290 орундун 150гө жакынын консерваторлор утуп алат. Көзөмөл кеңеши шайлоодон 2400 талапкерди четтетип салган.