Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Кыргызстанга ЭВКтин миссиясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Эл аралык валюта корунунун Таапио Саавалайнен жетектеген миссиясы келди. Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кабарлоосуна караганда, миссия Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы менен таанышуу максатында, жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт. 25-февралда өкмөт башчы Николай Танаев, андан соң президент Аскар Акаев, Экономикалык өнүктүрүү министри жана Улуттук банктын жетекчиси менен жолугушат. Миссия Кыргызстанда 4-мартка чейин болуп, иш сапарынын соңунда журналистер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт.

 

XS
SM
MD
LG