Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Шарп оорусуна чалдыккан адам катталды


БИШКЕК. Бишкектеги инфекциялык ооруканада кара малдын шарп илдетин жугузуп алган атуул дарыланууда. Аталган оорукананын башкы дарыгери Нуриса Муратованын «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, шарп илдетине чалдыккан атуул ооруканага 16-февралда Нарын облусунан жеткирилип келди. Анын денеси ысып, оор абалда болгон. Илдетти өз короосундагы шарп оорусуна чалдыккан кара малдан жугузуп алган.
Мындан бир нече күн илгери Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинде өлкөдөгү шарп ылаңына байланыштуу маселе каралып, буга чейин өлкө боюнча 48 жерден шарп ылаңы катталып, ага 1759 бодо мал чалдыккандыгы айтылган. Депутаттар Кыргызстандын аткаруу бийлиги ветеринардык-санитардык саясат жүргүзбөгөндүгүн белгилешип, маселени иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшыруу тууралуу токтом кабыл алышкан. Өлкөнүн башкы ветеринардык мекемеси болсо өлкөдө шарп оорусу жок деген маалыматты айтып келген, мындай пикирди жакында министр Александр Костюк дагы маалымат жыйынында тараткан болчу.

XS
SM
MD
LG