БИШКЕК. Март айында Киевге Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев баштаган делегациянын барышы күтүлүүдө. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, буга чейин эки өлкөнүн ортосундагы чечилбей келген айрым маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкармалыгынан маалымдашты. Тараптар Украинанын Кыргызстанга болгон 25 млн. АКШ долларына жакын карызды өндүрүү маселеси жана Кыргызстандан Украинага импорттолчу Майлуусуу электр лампа заводунун продукциясына коюлган бажы тарифтеринин көлөмүн төмөндөтүү боюнча сүйлөшүшөт. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкө катары Украинанын аталган уюмга киришин колдоо боюнча атайын протоколго кол коюшу керек. Бирок, кыргыз өкмөтү Киев тарабынан Кыргызстанга болгон карыздарды төлөө жана Кыргызстандан Украинага импорттолгон товарларга болгон бажы тарифтерине байланыштуу маселелердин чечилишин күтүүдө. Украина азыркыга чеийн Кыргызстанга болгон карызын ырасмий түрдө тааный элек.