Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Израилде чукул кырдаал абалы жарыяланды


Катаал чаранын киргизилишине кечээ күнү Газа шаарында палестиналык үч жарандын өлтүрүлүшү негиз болду. Жөөттөрдүн авиачабуулунан 15 жолоочу жарадар болгон. Алардын ичинде жаш балдар да бар.
“Ислам жихади” уюмунун маалымдашынча, чабуулдан анын эки мүчөсү курман болгон.
Палестина автономиясынын өкмөт башчысы Ахмед Корейи авиачабуулду Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка каршы жасалган кадам деп айыптады.

Бүгүн Тель-Авивдеги Израилдин Жогорку Сотунун алдында Батыш Иорданда коопсуздук коргонун куруугу каршы палестиналыктардын нааразычылык демонстрациясы өттү. Демонстрациянын катышуучусу:

-Мен коргонду курууга каршы болуп, бул демонстрацияга чыктым. Алар Иерусалимдин түндүк чыгыш тарабындагы дубалды атайлап мыйзамдаштырмак болушууда. Ал дубал он кыштакты тең бөлүп өтөт жана кыштак калкынын 90 процентке жакын жерин кошуп алат. Натыйжада, бүтүндөй чөлкөм геттого айланат. Мен 21 кылымда жаңы геттолордун курулушуна каршымын.

Израилдин Жогорку Соту Иерусалимде талаштуу коопсуздук коргонун курууну мыйзамсыз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG