Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Казакстан Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун курулушун колдойт


Бул тууралуу бүгүн президент Нурсултан Назарбаев Алматыда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушкандан кийин билдирди:
- Биз орток алакаларыбызды үч багытта кеңейтүүгө макулдаштык. Биринчиден, мунай жана газ жаатында. Азербайжандын бул жаатта чоң тажрыйбасы бар.

Ал дагы унаа, гуманитардык жана маданият тармактардагы кызматташттык боюнча макулдашуулар жетишилгенин кошумчалады. Ал эми Ильхам Алиев буларга токтолду:
- Энергетика жана унаа долбоорлорун жүзөгө ашыруу аймактагы коопсуздуктун жана кызматташтыктын деңгээлин жогорулатат.

Алиевдин сапары эртең аяктайт.

XS
SM
MD
LG