Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Азербайжандын президенти ырасмий сапар менен Казакстанда жүрөт


Астанадагы кечээги сүйлөшүүлөрдүн соңунан президенттер Нурсултан Назарбаев жана Ильхам Алиев Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы Достук жана шериктештик декларациясына кол коюшту. Нурсултан Назарбаев Астанадагы сүйлөшүүлөр тууралуу мындай деди:

- Биз өз-ара алаканы үч багытта кеңейтүүнү макулдаштык. Биринчиден, мунай жана газ жаатында. Азербайжандын бул чөйрөдө тажрыйбасы чоң. Экинчиси - транспорт комплекси, үчүнчүсү - гуманитардык-маданий кызматташтык.

Н. Назарбаев ошондой эле Казакстан Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун курулушун колдоорун, бул курулушка Казакстандын катышуусу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтүп жатканын билдирди. Баку-Тбилиси –Жейхан кууру аркылуу Каспийдин мунайы эларалык базарга чыгарылмакчы.

XS
SM
MD
LG