Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Ысыккөл облусунда кыйноолор барбы?


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун айрым райондорундагы милиция кызматкерлери тарабынан тергөө изоляторлоруна жана каттоого алынган адамдарды кыйноолор орун алууда. Облустун тургундарынын экономикалык, атуулдук укуктары одоно түрдө тебеленип-тепселип жатат. Бул жөнүндө бүгүн «Азаттыкка» «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова маалымдады. Аталган уюмдун өкүлдөрү 28-февралдан тарта Ыссыккөл облусунун бир катар айыл өкмөттөрүндө «Милиция жана адам укугу» деген тема алдында коомдук угууларды өткөрүп, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү жөнүндө угуп келишти. Уюмдан билдиришкендей, учурда облуста пенсионерлер менен мугалимдер бир канча айлап пенсия жана айлык акыларын алыша элек, мектептердин абалы начар. «Атуулдук коом коррупция каршы» бейөкмөт уюму бул маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылмакчы. «Милиция жана адам укугу» деген тема алдындагы коомдук угуулар уюм тарабынан өлкөнүн башка облустарында да өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG