Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

«Гансиге» кол салмак делип шектелип жаткандардын сот иши башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Ганси» авиабазасына террордук акт уюштурууну көздөгөн деп шектелип, кармалгандардын үстүнөн сот иши башталды. Анын жүрүшүндө караланып жаткан үч атуул (алар - Кыргызстандын атуулдары) "мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган" жана "документтерди жасаган" деп коюлган айыптарды моюнга алышкан жок. Алардын айтымында, бул иш кандайдыр бир күчтөр тарабынан атайын уюштурулган.
"Ганси" авиабазасына террордук акт уюштурууга даярданышкан деген шек менен Кыргызстандын үч атуулу жана Казакстандын бир атуулу өткөн жылы сентябрь айында Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Каралоочу тараптын маалыматы боюнча, алар Ооганстанда талиптердин лагерлеринде атайын даярдыктан өтүп келишип, «Ганси» авиабазасына террордук акт уюштурууну көздөшкөн. Соттук иликтөө бейшемби күнү улантылат.

XS
SM
MD
LG