ЖАЛАЛАБАД. Эларалык "Фридом хауз" жана АКШнын ЮСАИД уюмдарынын колдоосунда өтүп жаткан семинарга облустагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Алар эларалык журналистиканын талаптары жана журналисттик иликтөөнү жүргүзүүнүн ыкмалары менен тааныштырылды. Семинардын катышуучулары баяндамалардын артыкчылыгы менен кемчиликтерин талкуулашты. "Фридом хауз" уюмунун маалымат кеңешчиси Улукбек Бабакулов калемгерлерди так болууга чакырып, басма сөз, сөз эркиндиги жана журналисттердин укугун коргоо жаатындагы өлкөдөгү, ошондой эле эларалык мыйзамдар боюнча түшүндүрмө берди.
Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Кубат Оторбаев.
Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Кубат Оторбаев.