Президент Аскар Акаевдин айтымында, Кыргызстанда орус тилине турмуштук муктаждык бар, ошого жараша анын өнүгүшү үчүн колдон келишинче шарт түзүлүүдө. Мамлекет башчынын оюна караганда, бүтүндөй пост-советтик мамлекеттерде орус тилинин ролу эч качан төмөндөбөйт, бул тилди кысмакка алам деген мамлекет өзү гана уттурмакчы.
Аскар Акаевдин пикиринде, Кыргызстандагы орус тилдүү калктын укуктары жана орус тилинин статусу туш-туштан коргоого алынган. Президент Акаев «Мамлекеттик тил жөнүндө» жаңы мыйзамга бир аз токтолду. Аскар Акаев бул мыйзамдын тегерегинде коомчулукта кызуу талкуу күчөп баратканын белгилеп, мамлекеттик тил жөнүндө кыскача мындай деди:
- Кыргызстан совет убагында «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды кабыл алгандан бери 15 жыл өтүптүр. Башка шарттарга ылайыкталган жана азыркы учурда жок болгон мамлекет тарабынан кабыл алынган мыйзам, албетте, өзүнүн юридикалык жана турмуштук маанисин жоготту. Бирок, мамлекеттик тилдин ролун так аныктоо жана Башмыйзамда айтылган анын мыйзамдык негизин бекитүү маселеси дале күчүндө турат. Мен жогоруда айткандай, биз төрт жыл мурда эле алгач орус тилинин ордун аныктап, «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз деген» идеянын астында ага ырасмий тил макамын бергенбиз. Учурда мамлекеттик жетекчилик, парламент жана коомчулук мамлекеттик тил боюнча маселелерди мыйзамдык негизде чечүү менен кыргыз журтчулугун бушаймандыктан арылтуунун аракетин көрүүдө.
Орусиянын Билим берүү министри Владимир Филиппов Кыргызстандын орус тилине мамилесин «даанышмандык» катары баалады. Владимир Филиппов Кыргызстанда орус тилине жагымдуу шарт түзүп атканы үчүн Аскар Акаевге ыраазычылык билдирди.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору, котормочу жана акын Вячеслав Шаповаловдун айтымында, КМШ мамлекеттерин алганда Кыргызстанда орус тилине айрыкча көңүл бурулуп, болушунча шарт түзүлүүдө. Шаповалов мырза жакында кыргыз парламенти кабыл алган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга токтоолук менен мамиле кылууга чакырды. Анын оюнда, бүгүнкү конгрессте КМШнын ар бир мамлекетинде орус тилди мыйзамдык коргоо ой-талабы айтылмакчы. Бул идеяны ар бир катышып отурган адам өз өлкөсүнүн жетекчилигине жеткирип, түшүндүрүп барышы керек. Вячеслав Шаповаловдун айтымында, ошол эле учурда кыргыз тили да мыйзамдык жактан корголуп, өз макамын (статусун), өз ордун табышы зарыл.
Эл аралык когресске Владимир Путиндин жубайы Людмила Путинанын келиши күтүлүп аткан. Бирок, ал белгисиз жагдайлардан улам жыйынга келе алган жок. Конгресске чет жактан келген жана жергиликтүү 300гө жакын делегат катышты. Алардын бири, «Замандаш» журналынын редактору Абдыкерим Муратов конгресстин саясий мүдөөсү тууралуу баса көрсөтөт. Анын оюнда, мамлекеттик тилдин тегерегинде коомчулукта ар кыл пикирлер күчөп турганда мындай жыйын саясий утушту көздөшү ыктымал.
- Балким, бул конгресс мурдатан бери эле пландалып келаткандыр же мамлекеттик тилдин тегерегинде талкуулар башталгандан кийин уюштурулдубу, аны так айта албайм. Бирок, бул жыйындын саясий максаты чоң өңдүү. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин орус тилине да чоң маани берилип атканын көрсөтүп, анан орус тилдүү калкты капа кылып албайлы деген кыязда өткөрүлгөндөй таасир калтырууда, - дейт Абдыкерим Муратов.
Кыргызстанда 100гө чукул орус тилдүү басма сөз каражаттары бар. Улуттук университеттин ректору Аскар Какеев белгилегендей, Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын 90 пайызында сабак орус тилинде өтүлөт. Ал эми Кыргызстандагы 2041 мектептин 1320сы - кыргыз тилинде, 147си - орус тилинде окутат. Мынча мектептин 84 пайызы элет жеринде экенин эскерте кетели. Улуттук университеттин проректору Вячеслав Шаповаловдун оюна караганда, соңку кездери Кыргызстанда орус мектептер азайып, айрыкча кыштактарда орус тилин билгендердин саны кескин кыскарды.
Академик Бүбүйна Орузбаеванын пикирине караганда, кыргыз журтчулугу башка тилге өтө сыйчыл келип, көп тил үйрөнүүгө кызыгып, ага шыктуу дагы калк. Анын оюнча, соңку күндөрү угула калып жүргөн «кыргыздар орус тилди жерип атат» деген кыяздагы пикирлерге кошулууга болбойт. Окумуштуу “орус тил менен кыргыз тил айкалыша кол кармашып өнүгүшү керек” деген ойду колдойт.