САРАЕВО. НАТОнун Босниядагы күчтөрү Босния сербдеринин мурдагы коргоо министри, генерал Богдан Суботичти камакка алышты. Ал серб колбашчысы Радован Караджичти жана анын санаалаштарын жашырып-жабууга жардамдашкан деп айыпталып жатат. Радован Караджич – Балкандагы согуш учурунда жасаган кылмыштары үчүн эларалык сот тарабынан изделип келатат. НАТО күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Богдан Суботич шаршембиде кечинде Банья-Лкуеде кармалды.