Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

МИХАИЛ ФРАДКОВ ОРУСИЯНЫН ЖАҢЫ ПРЕМЬЕРИ БОЛУП КАЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө шаары Бүгүн Орусиянын Мамлекеттик думасы өкмөт башчы кызматына Михаил Фрадковду дайындоого макулдугун берген соң, президент Владимир Путин аны өкмөт башчылыгына дайындоо тууралуу жардыкка кол койду. Анын премьердикке талапкердиги ушул аптанын башында президент Путин тарабынан сунуш кылынган. Фрадковдун талапкердигин президенттик делген партия - «Бирдиктүү Орусиянын» депутаттары жапырт колдоого алабыз деп атышкан. Айткандай эле, жума күнү төмөнкү палатада жаңы премьерди бекитүү маселеси коюлганда, 352 «макул» деген таш менен көпчүлүк депутаттар Фрадковду колдоду. Сырттан көз салуучулар эми Кремлдин каш-кабагын карап иш алып баруучу өкмөт жетекчиси дайындалды деп айтышууда.

Жума күнү Кремлдин кызыл сепилинен бир нече жүз кадам бериде жайгашкан Мамлекеттик думада өлкөнүн жаңы премьеринин талапкердигин бекитүү каадасы өттү. Депутаттардын алдында Фрадков 14 мүнөттүк сөз сүйлөдү. Көптөгөн жаңы башталыштар боло тургандыгын айтты. Салык системасындагы реформаны акырына чыкты деп жарыялады. Коргонуу тармагына чыгымдалчу каражаттын көлөмүн арттыруу керектигин белгиледи. Ошону менен катар коргонуу тармагы да рефоормаланууга муктаж деди. Фрадков кыйла тармактардын кыскарылып же кайра уюшула тургандыгын, өкмөттүн кайра уюштурула тургандыгын баса белгиледи:

- Кайра уюштурууну андан ары улантуу, атаандаштыкка туруштук бере алгыдай продукцияларды өндүрүүгө жетишүү, тейлөө тармагындагы абалды жакшыртуу алдыда турат. Мунун өзү, демек, бийликтин, адамдын, ишкердиктин атаандашууга жарагыдай мүмкүнчүлүккө жетишилет дегендикти билдирет.

Президенттин кишиси болгондуктан, депутаттар ага кычык сөз айтып суроо беришкен жок. Дароо колго салынды. “Бирдиктүү Орусия” партиясы, - же эл айтып жүргөн “путинчилер” партиясы, - аны бир добуштан колдоого алды. КПРФ партиясынын жетекчилиги таш салуудан баш тартабыз дегени менен, коммунисттердин кай бирлери ага “каршымын” деп таш салышкан. ЛДПР партиясы менен “Мекен” фракциясынын депутаттары ар ким каалаганындай таш салсын деген такилип астында иш кылышкан. Натыйжада Фрадковду колдоочулардын саны 352ге жеткен. Бул сан талапкерди бекитүүгө жарачу таштан алда канча артык болду.

Президент Путин Михаил Фрадковду премьердикке дайындоо тууралуу жардыкка бүгүн эле кол койду.

Таанымал саясатчы Андрей Пионтковский пикири боюнча, жаңы премьер кызматка калганда мыкты киши, бирок саясий ишке келгенде чамасы чак:

- Ал барып турган бюрократ, бирок аны добуш берүүчүлөрдү ошончо эле шыктантып ийүүчү саясий төбөл деш кыйын.

5-марттагы премьер-министрди дайындоодогу маанай келе жаткан президенттик шайлоо маалында кайталанат деген ойлор айтылдууда. Ошондон улам кайсы бир сынчылар 14-мартта “биздин тарыхтагы эң зериктирме шайлоо өтөт” дешүүдө.

Бүгүн мамлекеттеги эң жогорку кызматтык орунду талашып аткан 7 талапкердин бири - Иван Рыбкин жарыштан чыга тургандыгын билдирди:

- Мен өз талапкердигимди алып таштайм. Мен буга окшогон өңдү көрсө, жүз тайдылык тамашага катыша албайм. Мен 2008 комитетинин чакырыгына кошуламын. “Бойкот мырза” мага абдан жагат, - деди Иван Рыбкин, жума күнү журналисттер алдында атайын жасаган билдирүүсүндө. Андан ары ал: “Кысым болоор деп күткөм, бирок мынча катуу ур-бердиге алууга чейин жетет деп күткөн жок элем”, - деди.

Сырттан көз салуучулардын баамында, 14-мартта жеңишти алганы турган Путиндин өзүнүн өкмөт жетекчисин дайындашы анын бул күндөрү жүргүзүп аткан саясий моделинин бир баскычы болуп эсептелет. Айрым саясий серепчилердин оюна караганда, Путиндин эртеңки кадамы - өлкөнү кудум эле падышадай башкаруу менен байланыштуу, бери болгондо, анын тушунда Ельциндин маалындагыдай күчкө салып бийлик жүргүзүү жүзөгө ашырылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG