Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Америкалык аскерлер талиптер менен кагылышты


КАБУЛ. Америкалык аскерий күчтөр Түштүк Ооганстандагы атышуу учурунда талиптердин жети мүчөсүн атып өлтүрүштү. Аскерий өкүл Брайен Хилфертинин айтымында, кагылышуу жума күнү Пакистан чекарасына чукул жердеги Аргун аймагында болду. Анда америкалык аскерлер жабыркашкан жок.
Атышуу талиптер экендиги шектелген 30-40 адам америкалык он жоокерге чабуул жасоо аракетинен кийин башталган. Ким биринчи ок чыгарганы белгисиз. “Ал-Кайида” уюмуна жана талип кыймылына каршы күрөш баштаган америкалык аскерлер бейшемби күнү талип кыймылынын мүчөсү экендигинен шектелген 14 адамды кармашкан. Ал эми Орусиянын маалымат булактары Орусия жети атуулга Ооганстанда талиптер тарабында согушка катышкан деген расмий айып такты.

Эл аралык кабарлардын түрмөгүн даярдаган – Бурулкан Турдубек кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG