Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

АКШ: Иракта демократиянын белгилери байкалууда


БАГДАД. Ирактын убактылуу Конституциясына байланыштуу Ирак саясатчылары бүгүн өлкөдөгү шийилердин башчылары менен акылдашып жатышат. Документке Ирактын башкаруу кеңеши жума күнү кол коймок. Бирок, шийилер кеңешинин 5 мүчөсү күрт автономиясына байланышкан жобого макулдук берүүдөн баш тарткан.
Кошмо Штаттар Ирактын убактылуу Баш мыйзамына кол коюунун кечеңдешин демократиянын шарапаты катары баалады. Ак үйдүн өкүлү Скотт Маклелландын айтымында, Ирак лидерлеринин маселени эркин жана ачык талкуулап жатышы баарынан маанилүү.
Иракты башкаруу кеңеши бул маселеге дүйшөмбүдө кайра кайрылаары күтүлүүдө. Вашингтон саясий бийликти Иракка өткөрүп берүүнү 30-июнга белгилегендиктен, убактылуу конституция ага карай жасалган негизги кадам катары саналууда.

XS
SM
MD
LG