Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Иракта бүгүн АКШ бекиткен Башкаруу кеңеши өткөөл конституцияга кол коймокчу


Кечээ шийи саясатчылары шийилердин таасирдүү динаятчысы Аятолла Али ал-Систани менен жолугушту. Саясатчылар тобуна кирген Башкаруу кеңешинин мүчөсү Моувафак ал-Рубае кийин ал-Систани менен макулдашуу жетишилгенин жана документке дүйшөмбүдө кол коюлат деп үмүттөнүп жатканын кулак кагыш кылды:

- Бизге дагы убакыт керек, бул тарыхый документке кол койо алабыз деп үмүттөнүп, кудайга жалынам. Куда кааласа, дүйшөмбү күнү эртең менен биз бул документке кол койо алабыз.

Ал эми Башкаруу кеңешинин президентинин улук кеңешчиси Мохамед Хусейн Бахр ал-Улоум ал-Систани айрым сын-пикирин айтканы менен, конституцияга өзгөртүлбөстөн кол коюлаарын кошумчалады.

Кечээ АКШ баштаган коалиция күчтөрүнүн Багдаддагы штаб-квартирасына жакын жерге 10 чакты ракета келип түштү. Эч ким жапа чеккен жок.

XS
SM
MD
LG