НАРЫН. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Калбүбү Касмалиеванын айтуусуна караганда, жаз айынан баштап облуста бруцеллез күч алууда, ооруга жаш балдар кабылууда. Учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө 6 жаштан 15 жашка чейинки 11 бала дарыланууда. Бруцеллездун көбөйүшү карапайым калктын ооруга көңүл кош жасаган мамилесинен болууда - дейт дарыгер. Ал эми облустук ветеринардык башкармалыктын башчысы Жалил Алымкуловдун айтымында, өткөн жылы облус боюнча 94 миң уйдан, 450 миң койдон текшерүүгө кан алынып, анын ичинен 535 уй бруцеллез экендиги аныкталган.