Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

ИСПАНИЯДА ПОЕЗДДЕРДИ "АЛ-КАЙИДА" ЖАРДЫРДЫБЫ?


Жаңыл Жусубжан, Прага. Испанияда өткөн бейшембидеги жардыруулар үчүн жоопкерчиликти апта соңунда "ал-Кайида" өзүнө алды. Жекшембидеги жалпы шайлоонун алдында жасалган бул жарыя Ирак согушунда Америка Кошмо Штаттарын колдогон Хосе Мария Азнардын өкмөтүнө оор сокку урду. Ишембиде испандар Мадриддин көчөлөрүнө жапырт чыгып, террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти баск сеператисттеринин ЭТА тобуна оодара салууга шашылган өкмөттү айыпташты. Азыр Европада "Эмки кезек кимде?" деген түпөйүл суроо көпчүлүктүн жүрөк үшүн алып турган кез.

11-сентябрдагы АКШдагы террордук чабуулдардан туура эки жарым жылдан кийин, 11-мартта Испания солк этти. Мадридде бул күнү жүргүнчүлөргө жык-жыйма толгон бир нече поездде удаа-удаасы менен 10 чакты жолу жардыруу орун алды. 200 чакты киши набыт, бир жарым миңге чукул киши жарадар болду. Бул Европанын тарыхында 1988-жылы Британияда Локерби шаарынын үстүнөн учак жарылгандан берки эң каргашалуу террордук чабуул болуп калды.

Испаниянын жетекчилиги күнөөнү дароо жергиликтүү баск жикчилерине (сеператисттерине) жүктөгөн эле. Эгер "чабуул «ал-каидачылардын» колунан келди" деген шыбыш болсо эле, "Азнардын өкмөтү өлкөнү ушуга такады" деп айгайлап чыгышмак. Анткени миллиондогон испандар бул согушка каршы көтөрүлгөнүнө карабастан, Испаниянын өкмөтү Ирак согушун колдоп чыккан. Ошондуктан, ишембинин кечинде "ал-Кайиданын" Испанияны Ирак согушунда АКШны колдогону үчүн жазалап жатканын айтып, Мадрид жардырууларынын жоопкерчилигин өзүнө алышы премьер Азнар үчүн оор сокку болуп калды.

Ички иштер министри Андел Ацебес Мадридде пресс-конференцияда буларды билдирди:

- Бүгүн кечинде, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.40та полицияга "Телемадрид" сыналгы бекетинен телефон чалышты. Бекетке арабча акцент менен сүйлөгөн киши телефон чалып, М30 чоң жолуна жакын жерде таштанды салган челекте видеокассета бар деп айтыптыр.

Чуулгандуу видеотасманын мазмунун министр мындайча баяндады:

- Бул видеотасмада 11-мартта Мадриддеги чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган киши тартылыптыр. Ал - араб тилинин марокколук диалектине жакын үн менен чалып сүйлөгөн киши экен. Ал өзүн "ал-Кайиданын" Европадагы маалымат катчысымын деп тааныштырыптыр. Ысмы – Абу Дужан ал-Афгани. Анын ким экенин Испаниянын чалгын кызматтары да, биз жардам сураган эл аралык чалгын кызматтары да азырынча такташа элек.

Эгер жардырууларды чынында да "ал-Кайида" уюштурган болсо, Испания гана эмес, Ирак согушунда Америка Кошмо Штаттарын колдоп чыккан калган өлкөлөр да жакшылыктан үмүт кыла алышпайт. Радикал исламчылардын бир диниятчысы эмки кезек Италияда экендигин эскертти.

Коркунучту илгиртпей баамдаган Польша дароо коопсуздук чараларын күч алдырды. Былтыр октябрь айында "ал-Кайиданын" жол башчысы Осама бин Ладен Иракка каршы согушка катышкан өлкөлөрдүн «бири да бизден жакшылык күтпөсүн» деп эскерткен эле. Бин Ладендин тизмесинде Испания менен Польшадан тышкары Австралия, Британия, Италия жана Жапония бар.

"Эгер жардыруулар "ал-Кайиданын" колунан келген болсо, бул уюшма Ирак согушунда АКШны колдогон европалык башка өлкөлөрдү да бутага алаарын болжолдоо кыйын эмес", - дейт Лондондогу Эл аралык иштер боюнча падышалык институттун эксперти Маха Аззам.

Мадридде тергөө бүтө элек, ошондуктан баск сеператисттери сүттөн ак дешке да али эрте. Бирок эксперттер соңку жардыруулардын ЭТАнын чабуулдарынан көп айырмалуу экендигин белгилешүүдө.

Ошол эле убакта Ирак согушуна каршы чыккан мамлекеттер да коркунучтан сырткары эмес шекилдүү. Британиянын Ноттингэм университетинин Испания боюнча адиси, саясат таануучу профессор Пол Хейвуддун ишениминде, бин Ладендин уюму жалпы эле батыш капитализмине тиш кайраарын эске алганда, Иракты оккупациялоого тикелей каршы чыккан Франция менен Германиянын, же Орусиянын бутага алынышы да ажеп эмес. Мындай коркунучту алдын-ала туйган Грекия жайкы Олимпия оюндарынын коопсуздугун чыңдоо үчүн алдын-ала шашылыш чара көрүп жатканын жарыялап, НАТОдон жардам сурап кайрылды.

Бирок Испаниядагы тергөөнүн жыйынтыгы чыкканча кескин бүтүмгө келүү да опурталдуу, себеби Мадриддеги жардыруу "ал-Кайидадан" бөлүнүп кеткен, же "ал-Кайиданы" колдогон, бирок өз алдынча аракеттенген көп сандаган топтордун колунан келген болушу да ыктымал.

XS
SM
MD
LG