ЖАЛАЛАБАД. "Эрк" партиясы, "Кыргызстан адам укугун коргоо" комитети жана "Эл үчүн" шайлоо блогунун бөлүмү Аксы окуясында курман болгондорду облустун борборунда эскерүү митингин 17-мартта өткөрүү чечимине келди. Облустук Барпы театрынын алдында өтүүчү эскерүү каадасына Ооган согушунун ардагерлери да катышууга убада берген. Митинг жыйынтыгында президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңеш менен Жогорку сотко жана акыйкатчыга кайрылуу кабыл алынат. Кайрылууда күнөөлүүлөрдү жазалоо, адам укугун коргоо, жабырлануучуларга дайыма жардам көрсөтүү талаптары коюлат. Жалалабад шаар мэриясы бул күнү Нооруз майрамына даярдануу улантылаарын билдирди.