Кечээ таңга маал болгон жарылуудан улам 9 кабаттуу турак үйдүн бир бөлүгү толугу менен кыйрап калган эле. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча азыркыга чейин 32 адам каза тапканы, 24 адам жаракат алганы ырасталды. Урандылардын алдында дагы бир нече адам бар. Кырсыктын себеби катары газдын жарылуусу айтылууда. Укук коргоо органдары газ куурундагы вентильди чыгарып кетиши мүмкүн деп шектелген эки адамды издеп жатат. Алар тетикти сатуу максаты менен чыгарып кеткен селсаяктар болушу ыктымал.