Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

Грузия-Ажария чатагына Саакашвили биротоло чекит койдубу?


Грузия президенти Михаил Саакашвили Ажария автономиясын камалоо токтотулаарын жарыя кылды:

- Эч кандай камоо болгон жок, бул - чектөө болду. Чектөө бүгүн түн ортосунда токтотулат. Себеби биз жергиликтүү жетекчилик менен Грузия өкмөтү арасындагы түшүнбөстүккө (мен аны чатак деп айтпас элем) байланыштуу бардык маселелерди чечтик.

Бу жарыя ажар лидери Аслан Абашидзе менен Батуми шаарында үч саат бою созулган сүйлөшүүдөн соң жасалды. Экономикалык курчоо жекшемби күнү Ажариянын коопсуздук күчтөрү Саакашвилини автономиялуу республиканын аймагына өткөрбөй койгондон кийин жарыяланган.
Грузия президенти бүгүн эртең менен ажар жетекчилиги 28-мартта болчу парламенттик шайлоонун калыс жана адилет өтүүсүнө кепилдик берсе гана камоо алынып салынаарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG