Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Жалалабаддагы «Тынчтыкты сактоо» коомдук бирикмеси «Тегерек үстөл» жыйынын өткөрдү


ЖАЛАЛАБАД. Тегерек үстөлдө этностук азчылыктардын билим алуу проблемалары менен аларды чечүү жолдору талкууланды. Ноокен жана Аксы райондорундагы чек ара айылдарындагы мектептердин мугалимдери менен ата-энелери өзбек класстарын ачуу жана ага уруксат алуунун машакаттуулугун белгилешти. Өзбек мектептери үчүн окуу программасын иштеп чыгуу кечигүү менен жүргүзүлөт жана окуу китептери жетишпейт. Көпчүлүктүн китеп сатып алууга каражаты тартыш. Өзбекстандагы кыргыз мектептерин да ушундай эле түйшүк кыйноодо. Тегерек үстөлдүн катышуучулары өлкөнүн билим берүү министрлигине жогорудагы маселелерди чечүүгө жардам берүүсүн сураган кайрылууну кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG