Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Келээрки шайлоодо жаштар депутаттыкка өз талапкерлерин көрсөтөт


БИШКЕК. Бүгүн жаштардын «Кыргызстан келечеги» аттуу саясий партиясынын экинчи курултайынын катышуучулары Жогорку Кеңешке, жалпы элге жана саясий партияларга кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Конституциянын үч беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу айтылган. Анда 8-беренедеги мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдарды түзүүгө жана алардын ишине тыйуу салынат деген пунктка өзгөртүү киргизүү, шайлоого партиялык тизме менен катышуу, президенттикке талапкердин жашына чек койбоо сунушталган. Ошондой эле «жаштар партиясы келээрки шайлоодо өз талапкерлерин көрсөтөт. Анткени мамлекетттик даңгээлде жаштар саясаты жолго коюлбай, жаштар саясаттан четтетилүүдө» деген сын камтылган. Бул тууралуу партиянын төрагасы Балбак Түлөбаев бүгүн «Азаттыкка» билдирди.
Курултайга Жогорку кеңештин депутаттары, партиянын Түркия менен Орусиядан жана өлкөнүн ар кыл дубандарынан келген 300дөн ашуун жаш өкүлдөрү катышты. «Кыргызстан келечеги» саясий партиясы 2002-жылы декабрь айында уюшулган. Учурда анын 1200дөн ашуун мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG