Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Аятолла ал-Систани Улуттар Уюмун опуза жасады


Ирактык шииттердин таасирлүү аксакалы аятолла Али ал-Систани Ирактын Кошмо Штаттары колдогон убактылуу конституциясы өлкөнү бөлүп-жарууга алып барат деп, Улуттар Уюмун башмыйзамды колдобоого чакырды. Ал-Систанинин айтымында, бул конституцияга ылайык түзүлчү сунни, шиит жана күрттөрдөн турган президенттик кеңеш иштебейт. Анткени, ал тараптардан “бирдиктүү чечим кабыл алууну талап кылат”.
Аятолла ошондой эле Улуттар Уюмунун адистер тобунун убактылуу өкмөттү түзүүгө көмөктөшүү үчүн Иракка келүүсүнө бойкот жарыяларын эскертти.
Ал-Систанинин Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Анандын кеңешчиси Лахдар Брахимиге жөнөткөн мындай мазмундагы катын жекшемби күнү Ройтер агенттиги жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG