АКШ башындагы күчтөрдүн Иракка каршы согушу, Еврокомиссиянын төрагасы Романо Продинин сөзүнчө, дүйнөнү террроизмден коопсуз кылган жок. “Бирок, АКШ менен Европанын кызматташуусу жакшырды.”
Продинин бул пикирин АКШнын “Fox news” телеканалы жекшемби күнү билдирди.
Кечээ күнү Амманда Иорданиянын жана Ирактын тышкы иштер министрлери кездешти. Иордан министри жолугушууда чет элдик согушчандардын Иракка өтүүсүн токтотууда Иордания өз жардамын Багдаддан аябасын убада кылды.
Жекшемби күнү Багдадда ракета чабуулунан ирактык эки жаран өлдү, бир нече киши жардар болду. Алдыңкы түнү Фаллужа шаарчасына жакын жерде ушундай чабуулдан америкалык эки жоокер курман болгон эле.