Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

2005-ЖЫЛДАГЫ ШАЙЛООЛОРГО КАРАТА ТАЛКУУ ӨТКӨРҮЛӨТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Бишкекте жакында АКШга барып келген саясатчылар жана постсоветтик өлкөлөрдөн чакырылган эксперттердин катышуусунда форум өткөрүлөт. Анда постсоветтик айрым өлкөлөрдөгү бийлик алмашуу жана Кыргызстанда 2005-жылы өтө турган парламенттик, президенттик шайлоолор тууралуу пикир алмашуу болот.

Мындай форум АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылык колдоосу менен Кыргызстандагы «Атуулдук коом коррупцияга каршы күрөш» өкмөттүк эмес уюму жана Кошмо Штаттардагы Чыгыш демократиясы институту тарабынан уюштурулууда. Талкууга Грузия парламентинин өкүлү Отар Кондалаки, Азербайджанда коррупцияга каршы күрөшүүнү иликтеген Кубат Байрамов атуу эксперт жана жакында АКШга барып келген Кыргызстандык беш саясатчы катышат. Жыйында мындан бир нече күн илгери Грузияда болгон "жибек төңкөрүшү", Азербайджандагы саясий окуялар жана Кыргызстанда боло турган парламенттик, президенттик шайлоолор тууралуу пикир алмашуу болот. Бул тууралуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы күрөш» уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мындай дейт:

- Талкууда "Кыргызстандагы шайлоолорду канткенде адилетүү өткөрүүгө болот? Ал үчүн кандай даядыктар керек? Канткенде Кыргызстанда бийликтин алмашышына тынч жол менен жетишүүгө болот? АКШдагы шайлоо компаниясы кандай жүргүзүлөт экен? Мына ушул багытта сиз эмне аракеттерди жасап жатасыз жана жасайсыз?" деген суроолор коюлат.

XS
SM
MD
LG