Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

Ошто «Тил тагдыры-эл тагдыры» аттуу марафон болду


ОШ. "Кыргыз тилин өнүктүрүү, сөз кудуретин сактоо" элдик кыймылдын демилгеси менен уюштурулуп жаткан "Тил тагдыры - эл тагдыры" аттуу республикалык кыргыз тилин өнүктүү жана колдоо ынтымагы бүгүн Ош шаарында болуп өттү. Ага жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдери, студенттер жана тил тагдырына кайдыгер карабаган карапайым калк катышты. Кыймылдын жетекчиси Чолпонбек Абыкеевдин сөзүнөн кийин кыргыз тилинин жок болуп кетүү коркунучунда тургандыгы, улуу "Манас" эпосун жараткан тил өлүүгө мүмкүн эместиги, тил өлсө улут кошо өлөөрү тууралуу сөздөр айтылды. Ошондой эле облустук филармониянын артистери тартуулаган ыр, күү менен коштолгон марафондун аягында "Кыргыз тилин өнүктүрүү, сөз кудуретин сактоо" элдин кыймылынын облустук штабы түзүлүп, ага филология илимдеринин доктору Токтосун Ашырбаев төрага болуп шайланды. Иш чараны уюштуруучулардын айтымында бүгүнкү ынтымактын куржунуна которуу жолу менен жана накталай түрдө 50 миң сомго чукул каражат түшкөн.

XS
SM
MD
LG