БИШКЕК. Кыргызстандын «Электрстанциялар» акционердик коому быйыл экспорт көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу бүгүн компаниянын башкы директору Сагынбек Дордоев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, «Электрстанциялар» ишканасынын электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү 3 жарым миллиард киловатт саатка жетет. Анын 2 миллиард киловатт саатын Казакстанга, бир жарым миллиард киловатт саат электр энергиясын Орусияга сатууга камданууда. Сагынбек Дордоевдин айтымында, буга Казакстандын «Казфосфат» концернине 2 миллиард, Орусиянын РАО ЕЭС компаниясына бир жарым миллиард киловатт саат электр энергиясын сатуу тууралуу түзүлгөн келишимдер негиз берет. Андан тышкары Кытайдын Кызылсуу автоном облусуна 1 миллион киловатт саатка чейин электр энергиясын сатат. Ал эми электр энергиясы кандай баада сатылып, Кыргызстанга канча пайда түшүп жаткандыгын Сагынбек Дордоев жашыруун сыр деп кабарлаган жок.