Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Маалымат коопсуздугу жөнүндө токтом кабыл алынды


БИШКЕК. Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында бүгүн Кыргыз Республикасынын маалымат коопсуздугу жөнүндө токтом кабыл алынды. Өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин жана палатанын жаштар иши, спорт, туризм, коомдук бирикмелер жана массалык маалымат каражаттар боюнча комитетинин төрагасы Болот Шерниязов сөз сүйлөштү. Депутаттар өкмөттүн маалымат коопсуздугу тармагындагы жүргүзгөн ишиндеги бир катар кемчиликтерди белгилешти. Кабыл алынган токтомдо республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу, аларды ишке ашыруунун механизмдерин жана маалыматтык коопсуздук коркунучтарын аныктоо максатында маалымат коопсуздугунун концепциясын иштеп чыгуу өкмөткө тапшырылды.

XS
SM
MD
LG