Ырасмий Тбилиси президент Михаил Саакашивилиге кол салуу ишин уюштурганга аракет кылганы үчүн автономиянын коопсуздук кызматтарын айыптады. Грузиянын мамлекеттик коопсуздук министринин орунбасары Гиги Угулава билдиргендей, ажар бийликтери Саакашивилиге 28-марттагы шайлоо маалында кол салмак болгон экен. Мындай пландан Ажариянын лидери Аслан Абашидзе кабарсыз калмак эмес, деп ырастады Угулава. Ырасмий Батуми грузин тарабынан мындай айыптоолорун акылга сыйбаган кеп деп атады.