Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Израил-палестин чатагынын курмандыктарынын саны көбөйүүдө


Палестин автономиясынын коопсуздук күчтөрүнүн маалымдашынча, өткөн түнү Газа тилкесинде жөөт аскерлери палестиналык үч өспүрүмдү атып өлтүрүштү.

Израил армиясы бүгүн таң азанда Газа шаарынын түштүгүндөгү жөөт конушуна жакын жерде шектүү адамдарды көздөй ок ачканын билдирген.

Израил бийликтери “Пасха” майрамынын биринчи күнү палестин согушчандары кол салуусу ыктымал деп кооптонуп, Батыш Иордандагы жөөт конуштары бар жайларга кошмча аскер жайгаштырды.

Ишемби күнү Тулкарем качкындар лагерине коңшу конушта ХАМАСтын согушчаны атып өлтүрүлүп, эртеси күнү жөөт аскерлери анын үй-бүлөсү турган тамды сүздүрүп салышкан.

Кечээ күнү израилдик аскерлер Батыш Иордандын түндүк бөлүгүндө шектүү согушчанды атып өлтүрүп, дагы жети палестиналыкты жардар кылган.

XS
SM
MD
LG