БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Москва өкмөтүнүн эларалык байланыштар боюнча департаментинин башчысынын орун басары Борис Силаев баштаган делегациясы келди. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, анын максаты ушул жылдын 24-27-июнь күндөрү Москванын Кыргызстанда өтө турган күндөрүнө даярдык көрүү иштерин кыргыз өкмөтү менен талкуулоо. Борис Силаев андан тышкары 8-апрелде Кыргызстандагы орустардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга билим берүү, маданият жана социалдык тармакта Москва өкмөтү көрсөтө ала турган колдоо маселесин талкуулайт.