Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Иракта үч жапан, жети корей, бир британ барымтага алынды


Бүгүн ошондой эле, америкалык аскер кербени өткөн жерде эшек араба жарылып, ирактык 10 жаран каза болду.

Кербала шаарында Польшанын жана Болгариянын аскерлери түнү бою жергиликтүү куралчандар менен согушуп чыгышты.

Иракта турган казак аскерлерине аскер турагынан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын коргонуу министри Мухтар Алтынбаев Астанадан буларды билдирди:

- Биздин контингентке абал тынчыганга чейин сыртка чыкпоого буйрук бердик. Өзүңөр билгендей, биздин экинчи топтун мөөнөтү аяктап баратат. Биз мындан кийин Иракка аскер жибербөөнү сунуш эттик, - деп билдирди Казакстандын коргонуу министри.

XS
SM
MD
LG