Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Кондолиза Райс АКШдагы терракт боюнча көргөзмө берди


ВАШИНГТОН. АКШ президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактты иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиянын суроолоруна жооп берди. Суроо-жооп үч саатка созулду. Бул аралыктагы Райстын билдирүүлөрү комиссияга мүчө демократиялык партия өкүлдөрүнүн талаш-тартышка барышын шарттады. Президенттин кеңешчиси өз сөзүндө Жорж Буштан айырмаланып мурдагы президенттер жетилип келаткан терроризм коркунучуна жеткиликтүү маани бербей келишкенин айтты.

- Коркунуч тууралуу биз 2001-жылдын жазында жана жайында маалымат алганбыз. Бирок чабуулдун жагдайы, убактысы так эмес болчу. Дээрлик бардык маалыматтар "ал-Каида" тууралуу болуп, божомол Кошмо Штаттарга эмес, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага ыктап турган.

2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттардагы эларалык соода борборундагы жана Пентагондогу жардырууларда 3 миң кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG