Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

ИРАКТАГЫ КУРАЛДУУ КАГЫЛЫШУУЛАР УЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы абал улам көп экспертти тынчсыздандыра баштады. Кээ бир саясатчылардын пикиринде, америкалык аскерлер менен Муктада ас-Садрдын куралчан топторунун ортосунда акыркы аптада болгон кагылышуулар ич-ара согушка да алып келиши мүмкүн.

Отуз жаштагы Муктада ас-Садр шийи мусулмандарынан турган "Махди армиясы" аттуу куралдуу топ түзгөн жана ал топ өз гезитин да чыгара баштаган. Америкалык жетекчилик ал гезитти жаап, Садрдын бир жардамчысын камакка алгандан кийин, анын куралчандары апрелдин башында америкалыктарга каршы ачык чабуул жүргүзүүгө киришти. Алар негизинен жаштардан турат жана президент Саддам Хусейндин учурунда куугунтукталган шийилердин укуктары америкалык тартип келгенден кийин деле жакшырган жок деген пикирде.

Садрдын куралчандары 7-апрелде Украинадан келген аскерлерди Кут шаарынан кууп чыгып, кийин Нажаф шаарынын кээ бир аймактарын дагы өз көзөмөлүнө алган. Нажафты Испания менен Эквадордон келген аскерлер кайтарат жана алар менен Садрдын жоокерлери ортосунда такай ок атышуулар болууда. Болгария менен Польшадан келген аскерлер Карбала шаарын көзөмөлдөйт жана аларга дагы Махди жоокерлери такай чабуул коюуда.

Бул аймактардагы коопсуздукту калыбына келтирүү максатында америкалык жетекчилик бардык чараларды көрүүдө. Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Рикардо Санчестин айтымында, Кут шаарын кайрадан борбордук жетекчиликтин көзөмөлүнө өткөрүүгө азыр даярдыктар көрүлүүдө:

- Ал-Кут шаарын көзөмөлгө алуу максатында биз атайын операция даярдап жатабыз. Жакын арада биз аны колго алабыз.

Маселе - азыркы учурда шийилердин Арбайин аттуу майрамы белгиленип жаткан менен татаалданууда, анткени Нажаф менен Карбала шаарларына жүз миңдеген зыяратчы келгени аскерий операция жүргүзүүгө тоскоолдук болууда.

Өлкөдөгү жагдай 31-марттагы окуядан кийин кескин начарлап кетти. Ал күнү Фаллужа шаарында америкалык төрт жаран өлтүрүлүп, алардын денелери кийин табаланган жана америкалык жетекчилик шаарга аскер киргизип, аны толук көзөмөлгө алууга аракеттенүүдө. Шаарда негизинен суннилер турат, бирок акыркы мезгилде америкалык жетекчилик бардык тараптан күнөөлөнүүдө, алардын орноткон тартибине суннилер да, өлкө калкынын көпчүлүгүн түзгөн шийилер да, Ирактын түндүгүндө жашаган күрттөр да нааразы.

Лондон шаарындагы Падышалык институттун эксперти Мустафа Аланинин пикиринде, ич-ара согуштун башталышы үчүн азыр Иракта бардык негиздер бар - суннилер шийилерге каршы, арабдар күрттөргө каршы жана баары биригип америкалыктарга каршы. Мындай жагдайда кандай болбосун жардыруу же башка бир аскерий аракет согушка түрткү болуп кетиши мүмкүн.

Кошуна Катар мамлекетинин тышкы иштер министри шейх Хамад бин Жассим ал-Танинин айтымында, Ирак азыр - Ооганстан менен Ливандагыдай ич-ара согуштун алдында турат.

Генерал Санчестин айтымында, Фаллужа шаарында сунни менен шийи куралчандары ортосунда кызматташуу бар сыяктуу жана америкалык аскерлер шаарды толук көзөмөлгө ала элек:

- Биринчи экспедициялык күчтөр менен Ирактын коргонуу күчтөрү Фаллужа шаарын көзөмөлгө алуу аракеттерин улантууда. Фаллужанын мыйзамдуу бийлигин калыбына келтирүү багытында жетишкендиктер бар, бирок душман тарабынан да бир топ каршылык көрсөтүлүүдө. Анткен менен жетишкендиктер да бир топ.

Багдад жана башка шаарлардан болсо миңдеген адам машинелерге азык-түлүк жүктөп алып, америкалык аскерлердин курчоосундагы Фаллужа шаарынын тургундарына жеткирүүдө. Шаарга Эл аралык кызыл чырым уюму дагы гуманитардык жардам жиберди жана жагдай кадимки эле согуш учурундагыдай.

Акыркы бир аптанын ичинде Ирактын ар башка аймактарында болгон кагылышуулардан америкалык 36 менен украиналык бир аскер жана төрт жүз элүүдөн ашык ирактык жаран курман болду.

XS
SM
MD
LG