Ушул максатты көздөп бүгүн Иорданияга Япониянын тышкы иштер министринин орунбасары Исиро Айсава келди. Найып министр ырасмий Токио бул үчүн колдон келген бардык аракеттерди көрөт деп ишендирди. Барымтачылар Япониядан үч күндүн ичинде аскерлерин Ирактан чыгарып кетүүнү талап кылып, болбосо туткунга алынган үч японду тирүүлөй өрттөп өлтүрөбүз деп айтышууда. Барымтага алынган япон тургундары Иракта гуманитардык милдеттерди аркалап жүрүшкөн эле. Токиодо япон аскерлерин Ирактан чыгарууну талап кылып, миңден ашуун киши бүгүн кайрадан митинг өткөрүштү.