Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:06

Өлкөнүн маданий-административдик борборун курууга чет элдик инвесторлор кызыга баштады


БИШКЕК. Бишкектеги Тынчтык көчөсүндөгү АКШ элчилигине жакын жерде өлкөнүн маданий-административдик–ишкер борборун куруу иштерине катышуу сунуштары Швейцариянын, Бельгиянын, Россиянын курулуш компаниялары тарабынан түшө баштады. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын курулуш-жана коммуникация бөлүмүнөн маалымдашты. Алынган маалыматка ылайык, өкмөттүн токтому менен бөлүнгөн 162 гектар жерге бул комплексти жана көптөгөн башка имараттарды куруу боюнча тендер жүргүзүлөт. Өлкөнүн маданий-административдик ишкер борбору чет өлкөлүк инвесторлордун эсебинен курулмакчы. Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында 8-апрель күнү бул борборду куруу маселесине байланыштуу өкмөт башчысы Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG