Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Кемерово аймагындагы шахталардын биринде куткаруу иштери улантылып жатат


Кечээ эртең менен Орусиянын “Тайжина” шахтасында болгон кырсык болжолу менен метандын жарылуусунан келип чыккан. Андан кеминде 40 шахтер каза тапты.
Расмий булактардын ырастоосунда жер алдынан азырынча 36 кишинин денеси алынып чыкты, 8 шахтер куткарылып, ооруканаларга жеткирилген, дагы 7 кишиден дайын жок.
Орусиянын Энергетика агенттигинин башчысы Сергей Оганесян тирүү калгандарды табуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе деп билдирди. Премьер-министр Михаил Фрадков кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү буйругун берди.

XS
SM
MD
LG