Ооганстандын түндүк аймактарын көзөмөлдөгөн генерал Рашид Достум өткөн аптада Фаряб провинциясынын баш калаасы Маймананы басып алган эле. Согуш аракеттери жергиликтүү аскер башчыларынын бири президент Карзайдын өкмөтү тарапка өтүп кеткенден кийин башталган. Көп өтпөй борбордук өкмөт аскер жиберип, алар Майманада өз көзөмөлүн орнотушту. Достум аскерлерин алып, чегинип кетти. Бирок бир нече күндөн кийин анын таяныч шаары болгон Мазари-Шарифтин жанында жаңы салгылаш орун алды.
Кабулда расмий булактардын билдиришинче, жекшемби күнү Ата Мухамед деген дагы бир аскер башчынын күчтөрү менен Достумдун аскерлери кагылышып, бир киши окко учту. Күбөлөр бир нече киши ажал таап, он чактысы жараат алганын айтышууда. Ата Мухамед тараптагылар Достумдун жоокерлери биринчи болуп кол салышты десе, Достумдун маалымат катчысы Заки каршы тарапка доо арты:
- Бул согуш эмес, кылмыш. Ууру-кескилер бир нече үйдү, анын ичинде (Достумга ымалаш) генерал Паузинин үйүн карактап кетишти.
Достум президент Карзайга толук баш ийбегени менен экөө бир-бирин кыйыша алган жок. Андан айырмаланып, Ооганстандын мурдагы өкмөт башчысы Гүлбидин Хекматияр Кошмо Штаттары колдогон Карзайдын өкмөтүнө согуш жарыялаган. Анын кесепетинен Осама бин Ладен менен талибдердин ана башы Омор Молдо баштаган Кошмо Штаттарынын кара тизмесине түшкөн.
Иракта кырдаал чалкеш болуп турган ушул күндөрү Хекматияр жашынган жеринен Ассошиэйтед Пресс агенттигине факс менен билдирүү жиберип, оогандарды Кошмо Штаттары баштаган коалицияга каршы баш көтөрүүгө чакырды. Эларалык кабар агенттигине жекшембиде келип түшкөн билдирүүсүндө Хекматияр оогандар ирактыктардан калышпаса, Ооганстан Ирактан мурда эгемендик алат деген үмүтүн билдирген. Билдирүүдө Иракта Муктада Садр молдону колдогондордун козголоңуна жогору баа берилет.
Убагында Ооган өкмөтүн башкарып турган Хекматияр исламдык "Хезб-е-Ислами" фракциясын жетектейт. Бул фракция 1980-жылдары Ооганстанда советтик аскерлерге каршы согушкан. 2002-жылы Ирандан чыгып кетүүгө аргасыз болгондон кийин Хекматияр Ооганстанда жашырынып жүрөт деп саналат. Ал талибдер менен күчүн бириктирип, президент Хамид Карзайдын өкмөтүнө, чет элдик аскерлерге жана жардам агенттиктерине "жихад" же ыйык согуш жарыялаган. Ооганстанда былтыркы август айынан бери талибдер менен куралдуу кагылыштарда 600дөн ашык кишинин өмүрү кыйылды.