Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

ИРАК: СОГУШ ОРТОСУНДАГЫ ТЫНЫМБЫ?


Кубат Оторбаев, Прага Ирактын Фаллужа шаарында акыркы аптада коалициянын күчтөрү менен суннилердин ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрдү. Америка генералы Марк Киммиттин маалыматы боюнча, апрелдин башынан берки кандуу кагылышуулардын натыйжасында коалиция 70тей аскеринен, ал эми ирактыктар 700дөй адамдан айрылды.

Иракта Кошмо Штаттары баштаган коалициянын күчтөрү шийилер менен дагы, суннилер менен дагы салгылашып жатат. Кандуу козголоң алгач 4-апрелде радикал шийилер көп жашаган өлкөнүн түштүк аймагында чыккан. 5-апрелде болсо Америка күчтөрү Фаллужа шаарындагы суннилерге каршы чабуулун баштаган. Дал ушул Фаллужа чыныгы тозоктун өзүнө айланды. Бул шаарда 600дөй ирактыктар каза табышты. Алардын арасында аялдар жана балдар көп деп айтылат, бирок Кошмо Штаттардын генералы Марк Киммит 12-апрелде андай маалыматты четке какты.

Марк Киммит ошол эле маалда суннилер аялдар менен балдарды согушка түртүп жатат деп билдирди. Генералдын айтымында, жергиликтүү куралдуу топтор мектептерден, мечиттерден жана ооруканалардан коалиция аскерлерине капысынан кол салууну адат кылып алышты.

Өткөн аптанын соңунда коалиция күчтөрү менен суннилер ортосунда ок чыгарбоо тууралуу сөз бекиген болчу. Бирок Марк Киммит бул келишим убактылуу гана түзүлдү, анын соңу кандай аяктаары бүдөмүк деп билдирди. Генералдын айтымында, коалиция шаарды алеки саатта алууга кудуреттүү. Бирок маселе күч менен эмес саясий жол менен чечилээрине үмүт артам деди Марк Киммит:

– Анткен менен биз азыр саясий багыт үчүн иштеп жатабыз. Акыр аягында шаарда мыйзамдуу бийлик орношу үчүн биз чыдамсыздык менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү күтүп атабыз.

Марк Киммиттин маалыматы боюнча, акыркы күндөрдө Ирактын башкаруу кеңешинин чабармандары Фаллужага каттап, сүйлөшүүлөрдү уюштуруунун аракетин көрүп жатышат.

Американын Ирактагы башкаруучусу Пол Бремер 11-апрелде Кошмо Штаттары өткөн айдын соңунда америкалык баш-аягы тогуз жаранды өлтүргөндөрдү фаллужалыктар өздөрү кармап, коалицияга өткөрүп бериши керек деп билдирди:

– Биздин курулушчуларды Фаллужада өлтүргөндөрдүн бизге берилишин талап кылабыз. Өлнөндөрдүн денелерин мазактагандардын бизге өткөрүлүшүн каалайбыз. Азырынча күтө туралы, балким бул элдешүү чыныгы туруктуулукту алып келээр.

Ал арада Моктада Садрдын жоокерлери Кербала жана Нежеф шаарларын көзөмөлдөөнү улантышууда. Генерал Киммиттин айтымында, бул эки шаарды саясий мүнөздөгү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында алууга аракетттер жүрүп жатат. Ал эми Пол Бремер болсо касташуу качан гана Моктада Садр колго түшүрүлүп, сотто жазасын алгандан кийин гана токтойт деп билдирди:

- Ал жигит – Садр сот тарабынан камакка алууга буйрулган. Ал бирөөнүн өлүмү боюнча Ирактын соттуна көрсөтмө берүүгө тийиш. Биз аны сот жоопкерчилигине кан төгүүсүз тартабыз деген ишеничтебиз.

Ал арада барымтага алынган үч жапондун тагдыры тууралуу карама-каршы маалыматтар айтылууда. Жапондорду барымтага алган “Мужахединдин бригадасы” деген куралчан топтун тарых-таржымалы да эч кимге түшүнүксүз болууда. Жапониянын өкүлдөрүнүн айтымында, барымтадагыларды куткаруу иштеринен да майнап чыкпай жатат.

11-апрелде Кытайдын жети атуулу да Фаллужада барымтага алынды. Бул окуя Кошмо Штаттардын вице-президенти Дик Чейни Кытайга бараар алдында болуп отурат. 13-апрелде Пекинде Дик Чейни Кытай жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG