АКШнын Тажикстандагы элчиси Ричард Хогланд ырастагандай, төртөө тең мекенине кайтып келди. Америкалык элчилик андан мурда Гуантанамодон бир нече тажик жараны бошотулат деп билдирген эле. Тажиктер да башка туткундардай эле Ооганстандагы операциялар маалында колго түшкөн.