Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:12

Бүгүн Нарын облустук акимчилигин коллегиясы болду


НАРЫН. Коллегия "Нарын" эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү, жазгы айдап, себүү өнөктүгү жана жаңы муун программасынын Нарын районунда, Нарын шаарында аткарылышы жөнүндө билдирүүлөрдү угуп, тийешелүү токтом кабыл алды. "Нарын" эркин экономикалык аймагында 1-январь 2004-жылга карата 67 субъект катталып турат. Анын 25и иштебейт. Эки гана субъект экспортко буюм-тайым сата алат. "Салкынтөр" жоопкерчилиги чектелген коому жеке ишкерлер менен мыйзамсыз иш жүргүзүп, мамлекетке 3 млн.943 миң сомдук зыян алып келгени, бир катар субъектилер көз боёмочулукка барганы, аймактын башкы дирекциясында отчеттуулук ачык айкын жана так жүргүзүлбөгүндүгү коллегияда белгиленди. Губернатор Аскар Салымбеков мерчемдүү аянттагы жерге гана аймакты түзүү керектигин өз сөзүндө белгилеп өттү.

XS
SM
MD
LG