БИШКЕК. Кыргызстандын ички иштер министринин орун басарлары Болотбек Ногойбаев менен Кеңешбек Дүйшөбаев министрликтин түзүлүшүндө жүргүзүлө турган өзгөртүүлөргө байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул жөнүндөгү буйрукка бүгүн премьер-министр Николай Танаев кол койду. Мындай маалымат өкмөттүн басма сөз бөлүмүнөн алынды. Кеңешбек Дүйшөбаев бир эле мезгилде Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгын жетектеп келген жана азыр бул кызматын улантууда.