Америкалык аскерлер кечээ күнү кечинде Ирактын Нажаф шаарын курчоого алды. Кээ бир маалыматтар боюнча, америкалыктарга кол салган Мехди армиясын түзгөн Муктада ас-Садр ушул шаарда жашынууда. Аятолла Али ал-Хусейни ас-Садрга кайрылып, аны америкалыктар менен жолугуп, сүйлөшкөнгө көндүрүүгө аракеттенүүдө. Кошуна Ирандын айтымында, Иракта түзүлгөн абалды жөнгө салууга АКШ жетекчилиги Тегерандан жардам сурады жана Ирандын атайын өкүлү Багдадга бет алды.