Иракка кошуна Ирандан келген атайын өкүлчүлүк өз ишин бүтүрүп, бүгүн Тегеранга кайтып келди. Бирок алар мурда пландалгандай, Нажаф шаарына бара алган жок, анткени ал шаарда жашынган Муктада ас-Садр менен ирандыктардын жолугуу пландары америкалык жетекчиликке жаккан эмес. Хусейн Садеги жетектеген өкүлдөр Ирактын шийи жана сунни жетекчилери менен, андан тышкары Бириккен Улуттардын өкүлү Лахдар Брахими, америкалык администрация жана Ирактын Башкаруучу кеңешинин өкүлдөрү менен жолукту.