Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Жер көчкү басуу коркунучунда турган атуулдарга жардам көрсөтүлөт


ОШ. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев жер көчкү кырсыгынан 5 мектеп окуучусунун өмүрү кыйылган ОШ облусуна караштуу Карасуу районундагы Карасөгөт кыштыгынын Долоно участкасында болуп кайтты. Николай Танаев балдарынан айрылган үй-бүлөлөрдүн аза-кайгысын бөлүшүп, 20 миң сомдон материалдык жардам көрсөттү. Жер көчкү баскан балдар Долоно участкасынан жогоруда бөлүнүп турган 12 үйдө жашашкан. Өкмөт башчысы башка участкалардан дагы 10 үйдү тез арада көчүп чыгууга үндөдү. Алар үчүн Өндүр тараптагы «Акчы» деп аталган жерден участкалар берилеерин, көчүрүлгөн ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомго чейин ссуда таратылаарын, андан сырткары жаңы кыштакчанын көчөсү, электр жарыгы, суу түтүктөрү өкмөттүн эсебинен бүткөрүлөөрүн маалымдады. 17-март күнү саат он бир жарымдарда сабака баратып Азамат, Манас, Айгерим, Уулкан, Нурийла аттуу окуучулар жер көчкү астында калышкан. Балдардын сөөгүн чыгарып алышка мүмкүн болбогондуктан, 18-апрелде жалпы куран окулуп, чогуу тажыясы өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG