Бишкек.1992-жылдан 2004-жылдын 12-апрелине чейин Молдованын Кыргызстанга болгон карызынын өлчөмү 587 миң, 402 долларды түзөт. Анын ичинде негизги карыз 366 миң доллар, төлөнбөгөн үстөк баанын өлчөмү 178 миң ал эми айып пул дун өлчөмү 42 миң доллар. Бул тууралуу 15-апрелде Кыргызстанда өткөн кыргыз-молдова өкмөт аралык комиссиясынын отурумунда маалымдалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.