Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Түркия менен Греция Кипр проблемасын чечүүгө ниеттүү экенин дагы бир жолу ырасташты


САРАЕВО. Түштүк-чыгыш Европа Кызматташуусу Уюмунун Сараеводогу саммитине катышып жаткан Түркия жана Грециянын өкмөт башчылары Режеп Тайып Эрдоган менен Костас Карамантис Кипр проблемасын чечүүгө ниеттүү экенин дагы бир жолу ырасташты. Бүгүн түштүк -чыгыш Европанын тогуз өлкөсү Сараеводо саммитке чогулушту. Ага Босниянын, Болгариянын, Македониянын, Румыниянын, Сербиянын жана Черногориянын президенттери, Абаниянын, Хорватиянын, Грециянын жана Түркиянын өкмөт башчылары, НАТО менен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышат. Уюм 1996-жылы жергиликтүү демилге менен негизделген.

XS
SM
MD
LG