Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Борборазия чөлкөмүндөгү суу маселеси чечилеби?


БИШКЕК, Бүгүн Ташкентте “Сырдарья” мамлекеттер аралык суу чарбасынын координациялык комиссиясынын жыйыны башталды. Ага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын суу чарба тармагынын өкүлдөрү катышууда. Жыйында Нарын-Сырдарья дарыяларындагы суу сактагычтардан сугат маалында жана кыш мезгилинде суунун кое берилишине байланышкан маселелер каралууда. Кыш мезгилинде Шардарья суу сактагычында түзүлгөн оор кырдаал Казакстандын түштүк облусуна коркунуч туудуруп, ага байланыштуу экологиялык проблемаларды чечүү максатында ушул жылдын январь айында Чымкентте жана Бишкекте төрт мамлекеттин ортосунда токтом кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG