Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:27

Орусия Түндүк Кореяга гуманитардык жардам берет


Итар–Тасс агенттигинин билдиргенине караганда, Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы темир жолдогу кырсыктан жабыр тарткандар үчүн дары–дармектерди, чатырларды алып бармакчы. Кечээ Түндүк Кореяга алгачкы гуманитардык жардам Кытайдан келди.
Түндүк Корея бийликтеринин маалыматы боюнча өткөн бейшембиде Ренчхон шаарынын темир жол станциясында болгон жарылуудан 160тан ашуун адам өлдү, 1300дөйү жаракат алды, бирок курмандыктардын саны мындан көп болушу мүмкүн. Эки поездин кагылышуусунан улам келип чыккан жарылуудан темир жол станциясы менен анын айланасындагы бир катар имараттар жок болгон. Түндүк Корея кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жардам сурап эл аралык коомчулукка кайрылды.

XS
SM
MD
LG